• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркиядагы жер титирөөдөн кыргыз жарандары жабыркаган жок-ТИМ

Дүйнө 0

Бишкек, 21-июль /Кабар/. Түркиядагы “Бодрум” курортундагы жер титирөөдөн жабыркагандардын арасында кыргыз жарандары жок деп билдирет Тышкы иштер министрлиги.

Күчү 6,3 баллга жеткен жер титирөө 20-июлдан 21-июлга караган түнү болгон. Жер титирөөнүн борбору белгилүү "Бодрум" курортунун түштүк жагында 12 км жана Грециянын "Кос" аралынан 16 км алыстыкта орун алган.

“Reuters” маалымат агенттигинин маалыматына ылайык, “Кос” аралында эң аз дегенде эки адам каза болуп, 100 дөн ашык жаран жабыркаган.

Ошол эле учурда түрк провинциясында жер титирөөдөн кыйроолор жана жабыркагандар болгон эмес. Бул тууралу жогоруда аталган агенттик жергиликтүү бийликке шилтеме берүү менен жазып чыккан.

Анткен менен “NTV” телеканалы 70 ке чукул жаран “Бодрумдун” ооруканасына кайрылганын айтты.

Пикир

Оставить комментарий