• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

UFC: Шевченко менен Нуньестин беттеши 9-сентябрда Канадада өтөт

Спорт 0

Бишкек, 21-июль /Кабар/. Кыргызстандык Валентина Шевченко менен бразилиялык Аманда Нуньестин беттешүүсү 9-сентябрда Канадада болот. Бул тууралуу “UFCнин” «ВКонтактыдагы» расмий группасы билдирди. Аталган беттеш “UFC 215” тин алкагында өтөт.

“UFCнин промоушени расмий түрдө Деметриус Джонсон менен Рэй Боргдун, жана Валентина Шевченко менен Аманда Нуньестин беттешүүсүнүн так күнүн, убактысын бекитти», - деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 9-июлда Шевченко менен Нуньестин таймашы болбой калган. Ага Нуньестин өзүн жакшы сезбей жатканын айтып, беттештен баш тартканы себеп болгон.

Шевченко менен Нуньес 61 кг чейинки аялдардын арасындагы чемпиондук титулду талашмак. Беттеш Лас-Вегаста орун алып, негизги таймаштардын бири болмок.

Кийинчэрээк кыргызстандык Шевченко Аманда Нуньс атайын таймаштан качып, ооруусун ойлоп тапкан деп айтып чыккан.

Пикир

Оставить комментарий