• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Россиянын алдыңкы окуу жайлары кызматташтыгын арттырат

Коом 0

Бишкек, 27.03.19. /Кабар/. Бүгүн Кыргыз улуттук университети менен Россиянын Москва мамлекеттик университетинин ректорлору кызматташуу боюнча жаңыланган Меморандумга кол коюшат.

Келишимге кол коюу Кыргызстан менен Россиянын окуу жайларынын I Форумунун алкагында болуп өтөт. Белгилей кетсек, учурда форум иш-чара "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен өтүүдө.

Улуттук университеттин ректору Канат Садыков "Кабар" агенттигине билдиргендей, кызматташуу боюнча жаңыланган документ учурдун талабы болууда.

"Москва мамлекеттик университети (ММУ) менен 2000-жылдан берки макулдашуубуз бар. Бирок андан бери, ММУ билим берүүнүн өз стандарттарын бекитип, өз алдынча диссертацияларды коргоону өткөрүү укугу болуп, дээрлик өз алдынча болуп калды. Андан тышкары, бул университет дүйнөдөгү алдыңкы 100 университеттин катарына кирген", - деди Садыков.

Ал белгилегендей, Меморандумда кыргызстандык окуу жай кош диплом программасын киргизе алары айтылат. Ал кылдат даярдыкты талап кылгандыктан эки университет үчүн атайын кызматташуу борборун ачуу каралууда.

Ал кошумчалагандай, форумдун жүрүшүндө дагы башка документтерге кол коюлат.

Пикир

Оставить комментарий