• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ТИМде I жарым жылдыктагы аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарган жыйын өттү

Коом 0

Бишкек, 06.08.22./Кабар/. Бүгүн, 6-августта КР Тышкы иштер министрлигинде коллегиянын отуруму болду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйын КРнын дипломатиялык кызмат органдарынын 2022-жылдын 1-жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарууга жана 2022-жылдын 2-жарым жылдыгына милдеттерди белгилөөгө арналды.

Коллегиянын отурумун ачуу алдында министр Жээнбек Кулубаев үстүбүздөгү жылдын июнь айында КР ТИМинин Коллегиясы жөнүндө жаңы жобо иштелип чыгып, бекитилгендигине жана ага Коллегиянын форматы жана иш мүнөзү боюнча жыйынтыктуулукту жана натыйжалуулукту жогорулатууга багытталган принципиалдуу өзгөртүүлөр киргизилгендигине көңүл бурду.

Коллегиянын жаңы форматтагы отурумунун жүрүшүндө КР ТИМинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери отчеттук мезгилде аткарылган иштер тууралуу маалымат беришти, алардын иши биринчи кезекте КР президенти тарабынан кабыл алынган 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүү улуттук программасында жана аны жүзөгө ашыруу боюнча министрлер кабинетинин Иш-чаралар планында, ошондой эле дүйнө жүзүндө геосаясий чыңалуу күчөгөндүнө жана дүйнөлүк экономикалык кризис тереңдегенине байланыштуу иштелип чыккан министрлер кабинетинин 2022-жылга карата Антикризистик чаралар планында белгиленген приоритеттерди ишке ашырууга багытталды.

Коллегияда ТИМдин ар бир түзүмдүк бөлүмүнүн жана КРдин чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин отчеттук мезгилдеги ишине баа берилди.

Министрликтин отурумдан кийин министр Кулубаев 2022-жылдын 2-жарым жылдыгына биринчи кезектеги тышкы саясий милдеттерди белгиледи. Экономикалык дипломатияны күчөтүү, өлкөгө чет элдик инвестицияларды тартууга көмөк көрсөтүү, ата-мекендик экспортту жана туристтик потенциалды илгерилетүү, чет өлкөдө КР жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону күчөтүү зарылдыгына өзгөчө басым жасалды.

Пикир

Оставить комментарий