• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө көлдү сүзүп өтүүгө чыккан 15 спортчунун бири дайынсыз болууда

Кырсык 0

Бишкек, 06.08.22./Кабар/. Ысык-Көлдө көлдү сүзүп өтүүгө чыккан 15 спортчунун бири дайынсыз болууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алар бүгүн, 6-августта саат 13:00 чамасында Тоң районунун Кара-Шаар айылынан Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылын карай 15 спортчу сүзүп өтүүгө чыгышкан.

Сүзүп бара жаткан учурда көлдүн ортосунда чоң толкун болуп, 1 спортчу дайынсыз болууда. Кырсык катталган көл ортосунда издөө иштерин жүргүзүүгө Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 4 куткаруучу, Тоң райондук №38 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылды. Учурда чөккөн спортчунун аты-жөнү такталууда.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий