• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдө күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 12.04.23. /Кабар/. Ысык-Көлдө 11-апрель күнү саат 23:08де очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып ӨКМ билдирди.

Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айылында 3,5 балл, Чоң-Кызыл-Суу айылында 3 балл, Ак-Суу районунун Подгорный, Теплоключенка айылдарында жана Каракол шаарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий