• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Таланттуу акын, адамдык сапаты бийик инсан. Майрамкан Абылкасымовага жазылган некролог

Коом 0

Бишкек, 16.10.21. /Кабар/. Кыргыз эли орду толгус оор жоготууга учурады.

85 жаш курагында Кыргыз Республикасынын эл акыны, Бүткүл союздук Ленин комсомолу сыйлыгынын жана Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү Майрамкан Абылкасымова узакка созулган оорудан соң дүйнөдөн кайтты.

М. Абылкасымова 1936-жылы 7-ноябрда Чүй облусунун Кемин районундагы Алмалуу айылында туулган. 1950-жылы айылдык жети жылдык мектепти аяктагандан кийин, Кыргыз кыз-келиндер мугалимдер институтунун педагогикалык окуу жайына тапшырган. 1958-жылы В.В. Маяковский институтун (азыркы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети) аяктайт.

1958-1960-жылдары Ош облустук “Ленин жолу” гезитинде адабий кызматкер, 1960-1962-жылдары Ош педагогикалык институтунда мугалим ардактуу кызматын аркалап, 1962-1970-жылдары “Ала-Тоо” көркөм-адабий журналынын редакциясында иштеген. 1964-жылы СССРдин Жазуучулар союзуна, 1970-жылы КПССтин мүчөлүгүнө кабыл алынган.

1970-1972-жылдары Жазуучулар союзунун Ысык-Көл облусу боюнча консультанты болгон. Андан кийин ал “Ала-Тоо” журналынын редакциясына кайтып келип, 20 жыл бою (1972-жылдан 1992-жылга чейин) поэзия бөлүмүн жетектеген. Андан соң апталык “Асылзат” гезитинин редактору болгон.М. Абылкасымова басма ишин 1952-жылы баштаган. 1961-жылы басылып чыккан “Кичинекей досторго” поэзия жыйнагы дебют болгон.

1970-жылы “Эстелик сүйлөйт” поэмасы жана “Ишеним дайым жүрөктө” жыйнагы үчүн Ленин комсомолунун Бүткүл союздук сыйлыгына татыктуу болгон. 1980-жылы Кыргыз ССРинин эл акыны наамын алган. 1984-жылы “Гүлдөр суу сурайт” ырлар жыйнагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. Анын көптөгөн чыгармалары орус, украин, казак, болгар, монгол, немис, поляк, француз тилдерине которулган.

Көп жылдар бою адабий чыгармачылык жаатындагы үзүрлүү эмгеги үчүн “Каарман эмгеги үчүн” медалы, “Тынчтыкты коргоого”, күмүш медалы менен жана Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин, Украин ССРинин, Кыргызстан ЛКСМ Борбордук Комитетинин Ардак грамоталары менен сыйланган.

Кыргызстандын маданиятын жана искусствосун өнүктүрүүгө кошкон эбегейсиз салымы үчүн М. Абылкасымова Бүткүл союздук Ленин комсомолу сыйлыгы, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы, III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган.

Таланттуу акын, ар тараптуу, адамдык сапаты да бийик инсан Майрамкан Абылкасымованын жаркын элеси элибиздин жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.

Маркумдун үй -бүлөсүнө, туугандарына жана досторуна терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана орду толгус жоготуунун оор кайгысын бирге бөлүшөбүз.

С.Н. Жапаров, А.К. Жапаров, Э.Ж. Байсалов, С.С. Касмамбетов, А.К. Жаманкулов, Г.Дж. Байтерек, Г.С. Молдобекова, К.О. Иманалиев, С.А. Аманова, И.А. Балташев, М.А. Бектеналиев, С.А. Раев, М. Байжиев, М. Шеримкулов, Т.Т. Казаков, М.А. Бегалиев, А. Абдыкалыков, Н.О. Калыбеков, О. Султанов, К. Жусупов, Т. Мамеев, М. Абакиров, К.Жусубалиев, С.Станалиев, А.Омурканов, Ш. Дуйшеев, М.Ааматов, К. Бакиров, Садык Шер-Нияз, С. Суслова, Т.Тургуналиев, Ж. Кулмамбетов, М.У. Алышбаев, К.Ы. Турапов, К.А. Осмонов, С. Жетимишев, К. Ашымбаев, А. Рыскулов, М. Мамазаирова, Т. Закирова, А. Жакшылыков, А.Д. Султанбаев, А.А. Акматалиев, Т. Чокиев, С. Токтакунова, Д. Жалгасынова, К. Сартбаева, Г. Базаров, У. Полотов, Г. Мамашева, Г. Момушева, А.А. Өзүбеков, Е.Ю. Кузнецов, А.К. Тиленбаев, А.Болгонбаев ж.б.

Пикир

Оставить комментарий