• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кызыл-Омпол уран кенинде иш толук кандуу токтотулду – Боронов

Коом 0

Бишкек, 25.04.19. /Кабар/. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов башында турган өкмөт мүчөлөрү Ысык-Көл облусунун Тоң районунун аймагында жайгашкан Кызыл-Омпол уран кенине барышты.

Анын айтуусунда, мамлекет тарабынан кенди иштетүүгө эч кандай уруксат берилген эмес. Учурда ал жакта жүргөн "ЮрАзия" компаниясында иштетүүгө укугу жок, кеп чалгындоо жөнүндө жүрүүдө. Ал 2010-2012-жылдары берилген лицензиянын негизинде чалгындоо жүргүзүп жатат.

"Лицензиянын мөөнөтү аякташы керек. Андан кийин мамлекет, анын адамдардын ден-соолугуна кандай таасирлери болорун карап чыгып, уруксат берер-бербесин чечет. Толук экспертиза жүргүзүлүп, аны бул компания эмес, мамлекеттик органдар жүргүзүшү керек. Андан кийин гана мамлекет чечим кабыл алат", - деди ал.

Ал билдиргендей, элдин талабы менен кендеги чалгындоо иштери токтотулган. Аны менен бирге ал, баардык иштер мыйзам жана өлкө кызыкчылыгынын алкагында жасаларын кошумчалады.

"Бүгүн мен, өкмөт башчынын тапшырмасы менен анын кендеги чалгындоо иштерин токтотуу боюнча чечими кандай аткарылып жатканын көрүү үчүн Кызыл-Омпол аянтына келдим", - деди ал.

Учурда, уран кенинде баардык объекттер жабылып, техника ишин токтоткон. Анын аймагында күзөт коюлган. Кенди көрүүнү каалагандар анын аймагына жеңил унаа менен киргизилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий