• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын кызматкерлеринин эмгек акысын көтөрүү сунушталууда

Коом 0

Бишкек, 29.07.21. /Кабар/. Президенттин “Менчикти коргоо жана ишкерлерди жана инвесторлорду колдоо жөнүндө” жарлыгын аткаруу үчүн Юстиция министрлигине бир катар тапшырмалар берилген. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында юстиция министри Асел Чынбаева билдирди.

Анын айтымында, төмөнкү тапшырмалар каралган:

- Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын потенциалын бекемдөө жана техникалык жабдылуусун күчөтүү;

- экономикалык кылмыштар боюнча соттук экспертизаны жүргүзүү мөөнөтүн кыскартуу.

“Азыркы учурда Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматы (МСЭК) экспертизанын 48 түрүн жасайт, бул экспертизаларды экспертизанын ар түрдүү багыттары боюнча иштеген 9 эксперттик бөлүм ишке ашырышат. Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын штаттык структурасы 139 адамдан турат, (анын ичинен 1 саясий кызмат орун, 17 мамлекеттик жарандык кызматчы, 108 эскперт, 13 техникалык тейлөөчү персонал жана кенже тейлөөчү персонал)”, - дейт ал.

Чынбаеванын маалыматы боюнча, бүгүнкү күнгө карата Юстиция министрлиги тарабынан министрлер кабинетине кошумча 20 штаттык бирдик, ошондой эле эксперттерге эмгек акысын 5 миң сомго көтөрүү киргизилди. Эксперттердин болжолдуу орточо эмгек акысы 20 миң сомду түзөт.

“Жыл сайын МСЭКке 10 миңге жакын экспертиза берилет, курулуштук-техникалык, соттук-экономикалык, өрт-техникалык, психологиялык-лингвистикалык жана дин боюнча экспертизалардын өзгөчө спецификасына байланыштуу аларды өз убагында бүтүрүү кыйын. Экспертизалардын бул түрлөрү башкалардан узагыраак жасалат, анткени изилденүүчү объекттердин чоң көлөмүн талдап чыгыш керек болот. Бүгүнкү күндө соттук экспертизаларды жүргүзүү жөнүндө нускамага экспертизалардын мөөнөттөрүн кыскартууга багытталган өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча токтомдун долбоору даярдалып жатат”, - дейт ал.

Чынбаева кошумчалагандай, ушул жылдын 31-августуна чейин азыркы учурда колдонулуп жаткан методдорду жана методикаларды кайрадан иштеп чыгуу процессин аягына чыгаруу маселеси Мамлекеттик соттук эксперттик кызматына тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий