• 88.68
  • 95
  • 0.95

Артур Медетбеков: Кылмыштуу топтун мүчөлөрүн ордуна коё турчу мезгил келди – видео

Коом 0


Бишкек, 05.10.23./Кабар/. Кыргызстандын улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети акыркы күндөрү уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөшүүдө активдүү иштерди жасап жатат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине атайын кызматтын төрагасынын мурдагы орун басары, генерал-майор Артур Медетбеков билдирди.

Анын пикирине караганда, акыркы убакта уюшкан кылмыштуу топтун "анабашчылары" ири жана чакан бизнес ээлерин коркутуп, аларга трагедия алып келип, мүлкүн тартып алган жагдайлар көп болгон.

"Демек, кечээ кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо операциясы ошолордун тагдырын чече турган, коомчулукка тынчтык алып келе турган операция болду”, — деп баса белгиледи ал.

Ошондой эле, Артур Медетбеков бул окуя боюнча коомчулукта түрдүү ой-пикирлер айтылып жатканына токтолду.

“Коомчулукта кармоо операциясында "уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү эч нерсе кылган эмес. Аны атайын атып салышты" деген ар кандай кептер айтылууда. Бирок, мен мындай ойдон алысмын. Себеби, УКМКнын кызматкерлеринде атайын маалыматтар болгон. Арыздар түшкөн. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз жасаган иш-аракеттеринин аркасынан ушундай болду” – дейт серепчи.

Мындан тышкары, Медетбеков кримдүйнөдө жүргөндөрдү ордуна коё турчу мезгил келгенин, болбосо мындай окуялар өлүм менен аяктай турганын кошумчалады.

Эскерте кетсек, 4-октябрда "мыйзамдагы ууру" кримтөбөл Камчы Асанбек (Көлбаев) кармоо учурунда жок кылынган.

КР УКМКдан билдиришкендей, ал кармоо учурунда атайын кызматтын кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөткөн.

Пикир

Оставить комментарий