• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте Жеңиш күнүнө арналган митинг-реквием болуп өттү

Коом 0


Бишкек, 07.05.21. /Кабар/. Бишкек шаарында боордоштор көрүстөнүндө Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгына арналган митинг-реквием болуп өттү.

Иш-чарага Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов, Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко, Беларустун Кыргызстандагы элчиси Андрей Страчко, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин райондук кеңешинин төрагасы Маркил Ибраев катышты.

Улуу Ата Мекендик согуш учурунда курман болгондорду бир мүнөт тыныгуу менен эскерип, курман болгон жоокерлердин мемориалына гүл коюлду.

Эске салсак, бул көрүстөнгө Улуу Ата Мекендик согуштун фронтунда жаракат алган кыргыз, орус, украин, беларусь, казак жана башка бир тууган элдердин 248 мыкты уулдарынын сөөктөрү коюлган.

Пикир

Оставить комментарий