• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек мэриясы сейил бактарда соода кылуу үчүн орундар ижарага берилерин эскертет

Коом 0

Бишкек, 13.07.23. /Нурзат Жумалиева - Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы сейил бактарда соода кылуу үчүн орундар ижарага бериле тургандыгын эскертет.

Муниципалитеттен билдиришкендей, орундар төмөнкү сейил бактарда берилет:

- Ашыралы Боталиев атындагы сейил бак – Манас проспектиси жана Боталиев көчөсүнүн кесилишинде;
- Чолпонбай Түлөбердиев атындагы сейил бак – Түлөбердиев жана Көкчетай көчөлөрүнүн кесилишинде;
- Жаштар сейил багы - Ала-Арча, Ганди, Күрөңкеев көчөлөрүнүн жана Жибек Жолу проспектиси кесилишкен аймакта;
- Юлиус Фучик атындагы сейил багы —Москва жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде;
- Кайың багы – 6-кичирайону;
- Жаңгак багы– 6-кичирайону;
- Каражыгач токою.

Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинен жогорудагы сейил бактарда төмөнкүлөргө уруксат алууга болот:

  • балмуздак, суусундук, жүгөрү, таттуу вата, попкорн, балдар оюнчуктарын сатууга;
  • велосипед, самокат, балдар паравозу, балдар үчүн машиналарды ижарага берүүгө;
  • кубат өлчөгүч, балдар батуту, балдар аянтчасы, балдар кыдыруучу аттракциондорду орнотууга.

Ижарага берүүгө арыздар 09:00дөн 17:00гө чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Чокморов көчөсү, 246, 24 кабинет.

Пикир

Оставить комментарий