• 88.68
  • 95
  • 0.95

Алексей Тепляшин 4 жүк ташуучу вагонду жылдырып, Кыргызстандын рекордун жаңылады

Коом 0

Бишкек, 26.04.22. /Кабар/. Спортчу Алексей Тепляшин темир жол вагонун ордунан жылдыруу боюнча Кыргызстандын рекордун койду. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, иш-чара 22-апрель күнү өттү. Спортчу жонуна илинген кайыш кур менен чиркештирилген 4 даана вагонду жана кошумча салынган жүктү дээрлик 8 метр аралыкка чейин жылдырган. Ал эми жүктүн жалпы салмагы 100 тонна 150 килограммды түзгөн.

"Алексей Тепляшин бул сынакка жарым жылдан ашуун даярданып, 40 жашка чыккан туулган күнүндө максатын ишке ашырды. Темир жол вагонун оордунан жылдыруу боюнча жаңы коюлган рекордду ал Кыргызстандын жалпы элине арнай турганын билдирди", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий