• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте бир жумада 5,5 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.04.22. /Кабар/. Бшкек шаарынын аймагында бир жуманын ичинде 5 миң 550 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен:

- мас абалында автоунаа башкаруу - 26;

- автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 21;

- айдоочулук кубөлүгү жок автоунаа башкаруу - 41;

- коопсуздук курун тагынбаган - 1 392;

- жасалма номер менен автоунаа башкаруу - 2;

- жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер катышкан жол эрежелерин бузуулар - 300;

- башка жол эрежелерин бузуулар - 3 770. Башка ар кандай эреже бузган 478 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулду.

Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы айдоочуларды жол эрежесин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий