• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нурланбек Шакиев Беларусь президенти Александр Лукашенко менен жолукту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 05.10.23. /Кабар/. Бүгүн, 5-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Минск шаарында Беларусь президенти Александр Лукашенко менен жолукту.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууда эки мамлекет ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Алгач төрага Нурланбек Шакиев президент Садыр Жапаровдун жолдогон саламын жеткирип, быйыл эгемен эки мамлекеттин дипломатиялык алакаларынын түзүлгөндүгүнө 30 жыл толгондугун эске салып, эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечегине токтолду.

"Эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтип, айрыкча экономикалык өнөктөштүктү өрчүтүүбүз зарыл. Себеби, эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү жаатында мүмкүнчүлүктөрүбүз өтө арбын. Айрыкча Кыргызстан таза экологиялык айыл чарба продуктуларын Беларусь Республикасына экспорттоо менен катар инфраструктуралык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга кызыкдар", - деди ал.

Өз кезегинде президент Александр Лукашенко мамлекеттер аралык байланыштарды чыңдоого парламенттик дипломатиянын салымы чоң экенин белгилеп, бул жаатта жигердүү кызматташуу зарылчылыгына токтолду.

Андан тышкары, дүйнөдө болуп жаткан учурдагы абалга токтолуп: "Биз гигант өлкөлөр эмеспиз, дүйнөлүк саясаттын багытын аныктай албайбыз. Бирок кайсы гана өлкө болбосун, анын өлчөмүнө жана масштабына карабастан, планетада калыптанып жаткан ландшафтка таасирин тийгизет”, – деп кошумчалады.

Кезинде Беларусь Республикасы кант кызылчасынын уругунан баштап, түрдүү айыл чарба продуктуларын Кыргызстандан алып турганын мисал кылган Александр Лукашенко Кыргыздарды жакшы билем, даанышман, эмгекчил эл экенин белгиледи.

"Андыктан, биргелешип иш алып барсак, чоң ийгиликтерге жетишебиз. Айрыкча, аймактар аралык байланышты кеңейтишибиз керек”, – деди Лукашенко.

Пикир

Оставить комментарий