• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Быйыл Жалал-Абад шаарына 300 миң даана гүл эгилет

Коом 0

Бишкек, 24.03.23. /Кабар/. Быйыл Жалал-Абад шаарына 8 түрдөгү 300 миң даана гүл эгилет. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алардын арасында эрте жазда эгиле турган 4 миң даана жоогазын да бар. Ушул айдын аягында жоогазындарды аянттарга тигүү иши башталат.

"Ал эми калган гүлдөрдүн көчөттөрүн күнөсканадан атайын идиштерге көчүрүү иши жүрүп жатат. Алар аба ырайы турукташкан мезгилде шаар көчөлөрүнө, эс алуу бактарына, аянттарга жана мекеме-ишканалардын алдыларына отургузулат", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, быйыл Жалал-Абад шаарына жергиликтүү бюджеттен жалпы 4475 даан бак-дарактардын көчөтү тигилип, 8 миң чарчы метр аянтка жашыл майсаң (газон) себилет.

Пикир

Оставить комментарий