• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Россиялык ишкерлер кыргыз өнөктөштөрү менен бизнес жүргүзүүгө кызыкдар

Экономика 0

Бишкек, 24.03.23. /Кабар/. Москвада Россия - Кыргыз ишкерлер кеңешинин жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун катышуучулары эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын келечектүү багыттарын талкуулашты, алардын ичинде текстиль тармагы, айыл чарба, агроөнөр жай комплекси, маалыматтык технологиялар, радиоэлектроника жана туризм тармагына өзгөчө көңүл бөлүндү.

Жолугушуунун катышуучулары акыркы жылдары россиялык ишкерлердин кыргыз өнөктөштөрү менен бизнес жүргүзүүгө кызыгуусу ар дайым өсүп, делегациялык алмашуу активдешип жаткандыгын баса белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий