• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

КРнын мамлекеттик компанияларын бириктирүү керек – Маммүлктү башкаруу фонду

Экономика 0

Бишкек, 03.10.18. /Кабар/. Кыргызстандын мамлекеттик компанияларын бир чоң компанияга бириктирүү керек. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Ренат Түлөбердиев билдирди.

Анын айтымында, мындай компания Казакстанда бар.

“Казакстандагы бардык мамлекеттик компанияларды бириктирип, бир компания болуп түзүлгөн “Самрук-Казына” бүгүнкү күндө жогорку киреше табат. Эгер бир компаниянын ичинде көп компания бар болсо, ал чоң инвестициялык бирикме болот. Кыргызстанда компаниялар өз алдынча рынокко чыгууга аракет жасашат, бирок жыйынтыктар төмөн. Инвесторлор баарына кылдат мамиле жасашат. Алар али баалана элек рынокту жана активдерди өздөштүрүшөт”, - деди ал.

Түлөбердиев мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдордун активдери 141 миллиард сомду түзөрүн айтты.

“Бирок ал жакка аэропорт дагы, “Кыргызтелеком”, “Альфа телеком”, “Кыргызнефтегаз" жана башкалар кирет. Биз баалоо жана кайра баалоо жүргүзүшүбүз керек”, - деди фонддун башчысы жана рыноктук механизм боюнча алардын баасы өсөрүн кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий