• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров “Титан” компаниялар тобунун директорлор кеңешинин төрагасын кабыл алды

Өкмөт 0

Бишкек, 05.10.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россиянын “Титан” компаниялар тобунун директорлор кеңешинин төрагасы Михаил Сутягинскийди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өнөр жай, агроөнөр жай жана мунай-химия тармактарындагы кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Министрлер кабинетинин төрагасы “Кыргыз Республикасы туруктуу өнүгүүнүн жана мунай өнөр жайынын инфраструктурасын модернизациялоонун жолунда” деп белгиледи.

Өз кезегинде Михаил Сутягинский “Титан” компаниясы өлкөнүн мунай-химиялык комплексин өнүктүрүү менен алектенген Россиянын 600 ири компаниясынын рейтингине киргендигин, жылына 500 миң тоннадан ашуун продукция өндүрүп жатканын, ошондой эле эл аралык экологиялык жана социалдык долбоорлорду ишке ашыраарын билдирди.

Ал Кыргызстан инвесторлор үчүн чоң кызыгууну жаратып жатканын, өлкөнүн либералдык мыйзамдары бизнести эң ыңгайлуу шарттарда жүргүзүүгө мүмкүндүк берээрин белгилеп, компания эки тарапты кызыктырган бардык тармактарда кызматташууга даяр экенин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий