• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда 20 жылдан ашык убакта жолду реконструкциялоого $2,5 млрд кеткен

Коом 0

Бишкек, 15.05.19. /Кабар/. Кыргызстан 1996-жылдан тарта дээрлик 2 миң 242 чакырымды түзгөн эл аралык жана аймактык транспорттук коридорлорго $2,5 млрд жумшаган. Алардын ичинен Бишкек - Ош, Бишкек - Нарын - Торугарт, Сарыташ - Карамык, Ош - Сарыташ - Иркештам, Ош - Баткен - Исфана жана Талас - Тараз - Суусамыр жолдору маанилүү деп эсептелет. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз катчысы Кылыч Досумбетов билдирди.

2012-жылы узундугу 394 чакырым болгон Ош-Сарыташ-Иркештам жана Сарыташ-Карамык эл аралык транспорттук коридору жасалган. 2017-жылы узундугу 539 чакырымды түзгөн Бишкек-Нарын-Торугарт коридору аяктаган.

"Ош - Баткен - Исфана жолу жасалып жаткан өлкөнүн түштүгүндө курулуш иштери катуу жүрүүдө. Учурда "Ош - Баткен - Исфана унаа жолун реконструкциялоо" долбоору боюнча 75-108 чакырымда курулуш иштери аткарылууда. Алсак, 97 чакырымда жаңы көпүрө 90%га аяктап калды. 78 суу өткөрүүчү түтүктөрүнүн курулушу аяктап, 24 жерде курулуш иштери жүрүүдө", - деди ал.

Ошондой эле ал белгилегендей, "Тараз - Талас - Суусамыр жолун реконструкциялоо, III фаза, 75-105 чакырым" долбоору аяктап калды. Буга чейин "Тараз - Талас - Суусамыр жолун реконструкциялоо, IV фаза, 105-199 чакырым" долбоорун Араб координациялык тобу фонддору тарабынан каржылоо макулдашылган. "Балыкчы -Каракол - Балыкчы жолун реконструкциялоо, 104-184,5-чакырым (Корумду - Балбай Баатыр)" долбоору башталгандан кийин ал боюнча донорлорго билдирүү жиберүү пландалып жатат.

Андан тышкары Досумбетов, "Түндүк - Түштүк" альтернативалык жолу тууралуу айтып өттү.

"Долбоор үч фазага бөлүнгөн. 2014-жылдан бери Транспорт жана жолдор министрлиги I фазаны ишке ашырууда. Ага "Кызыл-Жылдыз - Арал" (183-195 км) жана "Казарман - Жалал-Абад ш." (291- 433 км), Көк-Арт ашуусу аркылуу узундугу 3,8 чакырым тоннелдин курулушу кирет. "Кызыл-Жылдыз - Арал" (183-195 км) тилкесин реабилитациялоо 2016-жылы аяктаган. Калган жерлерде курулуш иштери белгиленген тартип боюнча жүрүүдө жана 2021-жылы аяктайт. Долбоордун II фазасынын алкагында "Арал - Казарман" тилкесинде курулуш иштери башталган. Долбоордун III фазасындагы Балыкчы ш. - Кызыл-Жылдыз (0-183 км) бөлүгү үч тилкеге бөлүнгөн. 2-апрелде Эпкин - Баш-Кууганды тилкесинде (89-159 км) жумуштар башталган. Ошондой эле Баш-Кууганды - Кызыл-Жылдыз (159-183 км), Балыкчы - Кочкор(0-43 км) жана Кочкор - Эпкин (64-89 км) тикелеринде подрядчикти тандоо иштери аткарылууда", - деди Досумбетов.

Пикир

Оставить комментарий