• 88.68
  • 95
  • 0.95

Табиятынан таланттуу актер бир катар мыкты ролдорду жараткан — Асанкул Осмоновго жазылган некролог

Коом 0

Бишкек, 27.03.23. /Кабар/. Кыргыз маданияты орду толгус оор жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын Эл артисти, театр жана кино актеру Асанкул Осмонов 88 жашында дүйнө салды.

Асанкул Осмонов 1935-жылдын 1-мартында Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылында туулган.

Ал 1954-жылы Каракол айыл чарба техникумун бүтүргөндөн кийин Нарын районундагы Куйбышев атындагы колхоздо эсепчи болуп эмгектенген.

Киевдеги авиациялык техникумду бүтүрүп, Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөндө 4- разряддагы авиамеханик болуп иштеген.

1958- жылы Кыргыз академиялык драма театрына актёрлукка кабыл алынып, ошол эле жылы Москвада өткөн Кыргыз Республикасынын Маданият күндөрү декадасына катышкан.

Табиятынан таланттуу, керилген келбеттүү Асанкул Осмонов бир катар белгилүү драмаларда мыкты ролдорду жараткан. Тактап айтканда, “Айкөл Манаста” Кошой, “Курманжан Даткада” Алымбек Датка, “Манастын уулу Семетейде” Бакай сындуу башкы ролдорду жараткан.

Мындан сырткары, А. Токомбаевдин “Өлбөстүн үрөнүндө” Чокан Валихановдун, Т. Абдумомуновдун “Абийир кечирбейтинде” Шамендин, Ч. Айтматовдун “Биринчи мугалиминде” Дүйшөндүн, “Кош бол, Гүлсарысында” Кашкатаевдин, Ж. Садыковдун “Жукеев-Пудовкин”, “Айкөл Манас”, “Манастын уулу Семетей”, “Сейтек” драмаларында Игорь, Кошой, Бакай, Семетейдин, М. Байжиевдин “Ар бир үйдө майрамында” Дайыр Мусаевичтин, М. Каримдин “Ай тутулган түнүндө” Рыскулдун, К. Мамбетакуновдун “Омар Хайямдын махабатында” Шахтын, Ж. Мамытовдун “Курманжан Даткасында” Кудаярхандын, Ш. Садыбакасовдун “Ак боз атында” Шырдакбектин, Т. Касымбековдун “Токтогулунда” Ниязалынын, У. Шекспирдин “Ричард III”, “Король Лир”, “Отелло” драмаларында Король Эдуард, Король Франц, Людовиктин жана Н. Гоголдун “Өлүү жандарында” Маниловдун ролдорун жогорку чеберчиликте аткарган.

Асанкул Осмонов театрдагы ишмердигинен сырткары киного да, анын ичинде "Биринчи" (1984), "Дилетант" (1987), "Төрөлүш үчүн өлүм" (1988), "Талаада атылган ок" (1990), "Белгисиз маршрут" (2008) сыяктуу тасмаларда ролдорду жараткан.

Театр жана кино жаатындагы үзгүлтүксүз эмгеги жана орошон таланты мамлекет тарабынан жогору бааланып, 1990-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамы ыйгарылган.

Залкар талант, театр жана кино актеру, Эл артисти Асанкул Осмоновдун жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат. Үй-бүлөсүнө, жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

С.Н. Жапаров, Н.Т. Шакиев, А.Ү. Жапаров., З.К. Базарбеков, Э.Ж. Осконбаев, С.С. Касмамбетов, Э.Ж. Байсалов, А.А. Максүтов, С.А. Раев, К.О. Иманалиев, А.А. Аскарова, Т.Т. Казаков, А. Абдыкалыков, Садык Шер- Нияз, Ж.О. Кулмамбетов, Н. Мамбетова, Г. Каниметова, М. Далбаева, Э. Бекболиев, З. Сооронбаев, Т. Бообекова, Ж. Сыдыгалиева, К. Сейдалиева, Ш. Алсейитова, А. Анаркулова, Ж. Жумалиева, Т. Абдразаева, С. Мырзалиева, Ч. Думанаев, К. А. Осмонов,Д. Баратбаева, Б. Куланбаев, А. Истамбаев, С.В. Бардаков, Н. Абдыкадыров, Ж. Өзүбекова, Т.К. Сманбеков, А. А. Өзүбеков, Т.А. Кулмендеев ж.б.

Пикир

Оставить комментарий