• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Караколдогу музыкалык драма театры толук оңдоп-түзөөдөн өтөт

Аймак 0

Бишкек, 27.03.23. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Касымалы Жантөшев атындагы музыкалык драма театры толук оңдоп-түзөөдөн өтөт. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн облус жетекчиси Илияз Иманбетов жана Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Мырзабек Жыпаркулов имаратка баш багып, абалын көрүп чыгышты.

Жетекчилер тез арада долбоорлоо иштериндеги документтерди толук бүтүрүп, оңдоп-түзөөтүү жагын тездетүүнү сүйлөшүштү.

Пикир

Оставить комментарий