• 88.68
  • 95
  • 0.95

ОшМУда Эне тилинин эл аралык күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 21.02.23. /Кабар/. Бүгүн, 21-февралда ОшМУнун жыйындар залында Эне тилинин эл аралык күнүнө арналган “Мамлекеттик тил – достуктун жана биримдиктин тили” деген аталыштагы майрамдык иш-чара өттү.

Окуу жайдын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара Ош шаарынын мэриясы, Ош мамлекеттик университети (ОшМУ) жана Кыргызстан калкы ассамблеясынын Ош бөлүмү тарабынан уюштурулган.

Майрамдык салтанатка Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев, Кыргызстан элдер ассамблеясынын Ош шаарындагы филиалынын төрагасы Балтагул Нурумбетов, ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Замирбек Божонов, Оштогу ар улуттун өкүлдөрү, профессордук-окутуучулук жамааты, студенттер катышты.

Кечеде Ош мамлекеттик университетинин таланттуу окутуучуларынын, студенттеринин, Ош шаарындагы диаспора өкүлдөрүнүн тил, маданият, улуттук нарк, улуттук идеология, адеп-ахлак, достук, ынтымак, улуттар аралык урмат-сый маселелерин өз ичине камтыган концерттик программасы тартууланды.

Жыйынтыгында активдүү катышуучуларга Ош шаарынын мэриясынын дипломдору, баалуу белектери жана акчалай сыйлыктары тапшырылды.

1999-жылдын 17-ноябрында ЮНЕСКОнун Башкы конференциясы тарабынан жарыяланган Эне тилинин эл аралык күнү 2000-жылдан бери тилдик жана маданий көп түрдүүлүктү жана көп тилдүүлүктү өнүктүрүү максатында жыл сайын белгиленип келет.

Пикир

Оставить комментарий