• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдө жарандар өз ыктыяры менен 11 ок атуучу куралды тапшырды

Аймак 0

Бишкек, 21.02.23. /Кабар/. 13-февралдан тарта Ысык-Көл облусунун аймагында "Арсенал" операциясы өтүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара курал-жарактарды, жардыргыч заттарды мыйзамсыз жүгүртүү фактыларын аныктоого, курал колдонуу менен жасалган кылмыштарды ачууга багытталган.

Рейддин учурунда жарандар өз ыктыяры менен 11 ок атуучу куралды тапшырышкан, 1 сайлуу ок атуучу курал мыйзамсыз сактагандыгы үчүн алынган.

Бүгүнкү күндө милиция кызматкерлери тарабынан 371 ышкыбоз мергенчилер жана газ-травматикалык курал ээлери текшерилди. Бардыгы болуп 371 протокол түзүлүп, 6 миң сом өлчөмүндө айыппул салынды.

Эскерте кетсек, мыйзамсыз сакталган же табылган курал-жаракты, ошондой эле ок-дарыларды ыктыярдуу берген жарандар КР мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

Пикир

Оставить комментарий