• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаардык кеңешинин кезектеги XXIV биргелешкен сессиясы болуп өттү

Аймак 0

Бишкек, 20.03.24. /Кабар/. Бүгүн Ош шаардык кеңешинин кезектеги XXIV биргелешкен сессиясы болуп өттү.

Ага Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев, Ош шаардык Кеңешинин, Ош облусунун Кызыл-Кыштак, Төлөйкөн айылдык Кеңештеринин, Нариман айыл аймагынын Жаңы-Маала, Жим, Жийделик, Шарк айыл аймагынын Имам-Ата участокторунун депутаттары, муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Сессиянын күн тартибинде Ош шаарынын мэринин 2023-жылдын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана бюджетинин аткарылышы боюнча отчёту каралып, жалпы добуш берүүнүн жыйынтыгы менен канаттандыраарлык деп жактырылып, токтом долбоору кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий