• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Сулайман-Тоо" музейи 28-августка чейин жабылды

Аймак 0

Бишкек, 05.07.23. /Кабар/. Ош шаарындагы "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин башкы музейи убактылуу жабылды.

Аталган музейден билдиришкендей, тазалоо жана оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу музей шаар тургундары жана коноктору үчүн 2023-жылдын 5-июлунан 28-августуна чейин жабык болот.

Ал эми Үңкүр музейи көрөрмандар үчүн саат 09:00дөн 20:00гө чейин, туристтик жолдор саат 08:00дөн 21:00гө чейин иштейт.

Пикир

Оставить комментарий