• 88.68
  • 95
  • 0.95

Салык кызматы 190 үй тибиндеги бала бакчанын ээлерине ишкердик негиздерин үйрөттү

Коом 0

Бишкек, 05.07.23./Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы бир ай бою турак жайларда мектепке чейинки билим берүү кызматын көрсөткөн 190 жаранга ишкердик негиздерин үйрөттү. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирет.

Бул иш-чаралар "Мамлекеттик акселераторлор" долбоорунун алкагында уюштурулуп, калктын салыктыксабаттуулугун жогорулатууга багытталган.

Семинарлардын жүрүшүндө салык кызматкерлери башка мамлекеттик органдар менен биргеликте катышуучуларды жеке жакты жеке ишкер катары салыктык каттоо процесси менен арыз берүүдөн баштап тиешелүү документтерди алууга чейин тааныштырышты.

Ошондой эле, салык режимин тандоо, ишкерлер үчүн жеңилдиктерди жана башка салык куралдарын колдонуу боюнча иш-чаралар түшүндүрүлдү.

Мындан тышкары, курстун катышуучулары салыктык жана башка мамлекеттик кызматтарга байланыштуу суроолорго жооп алышты.

Эскерте кетсек, турак жайларда мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөткөн ишкерлер нөлдүк ставка менен бирдиктүү салык төлөөчү катары салыктык каттоодон өтө алышат.

Мындай ишкерлер Салык кодексинин 423-беренесинин 8-бөлүгүнүн шарттарын сактоо менен бирдиктүү салык төлөөдөн жана бирдиктүү салык боюнча отчетту тапшыруудан бошотулган. Жеке ишкер өзүнө камсыздандыруу полисин, ал эми кызматкерлерине электрондук патент жана полис сатып алат.

Алар ошондой эле киреше салыгы жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчет берүүдөн бошотулат. Ошол эле учурда, алар жыл сайын 1-апрелге чейин көрсөтүлгөн кызматтар жөнүндө маалыматтарды жана 1-майга чейин салык декларациясын электрондук түрдө тапшырышы керек.

Ошондой эле мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөткөн жеке ишкерлерге кызмат көрсөткөн жеке жактар (тарбиячы, тарбиячынын жардамчысы (бала багуучу), ашпозчу, педагог) патенттин негизинде иштешет.

Пикир

Оставить комментарий