• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Ноокен районунун Шалка айылында жаңы мектеп ачылды — сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 01.09.23. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Ноокен районундагы Шалка айылында жаңы мектептин ачылышына катышты.

Ведомстводон билдиришкендей, министр мугалимдерди, окуучуларды жана ата-энелерди жаңы мектептин ачылышы менен куттуктады.

"Биринчи мектеп Шалка айылында 1936-жылы курулуп, көп жылдар бою Улуу Ата Мекендик согуштун баатырынын ысымын алып жүргөн. Бүгүнкү күндө президентибиз Садыр Жапаровдун жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун аракети менен кенен жарык класс бөлмөлөрү, ашканасы, спорт аянты бар жаңы мектеп сиздерге эшигин ачты", - деди министр.

Министр белгилегендей, жыл башында өлкө башчыбыз 1-сентябрга чейин Кыргызстандын ар кайсы аймактарында 100 жаңы мектеп куруу тапшырмасын берген. Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусунда гана 17 жаңы мектеп окуучуларын кабыл алды.

Министр түзүлгөн шарттар жана профессордук-окутуучулук курамдын кесипкөйлүгү окуучулардын жогорку натыйжаларга жетишүүсүнө шарт түзөөрүнө ишеним билдирди.

Пикир

Оставить комментарий