• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мал айдап өтүүгө байланыштуу Төө-Ашуудагы тоннель убактылуу жабылып турат

Аймак 0

Бишкек, 27.05.22. /Кабар/. Мал айдап өтүүгө байланыштуу Төө-Ашуудагы тоннель убактылуу жабылып турат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жай мезгили келип, малчылар жана чабандар мал-жандыктары менен Суусамыр өрөөнүндөгү жайлоолорго чыга баштады.

“Буга байланыштуу малчылар Бишкек – Ош унаа жолунун 129-чакырымында тактап айтканда, Төө-Ашуу ашуусунда жайгашкан К.Көлбаев атындагы тоннель аркылуу мал айдап өтүшөт. Ошондуктан тоннелде жол тыгынын болтурбоо жана коопсуздукту сактоо максатында унаалардын бардык түрүнө 15-20 мүнөт аралыкты сактоо менен тоннелдин эки тарабы тең убактылуу жабылып турат”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий