• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаардык милициясы майыптыгы бар балдарга майрамдык маанай тартуулады

Аймак 0

Бишкек, 01.06.22. /Кабар/. Ош шаардык милициясы балдарга майрамдык маанай тартуулашты. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги Акылбек Мамасейитов жана башкармалыктын начальнигинин орун басары Таалайбек Нурбаев 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Ош шаарында орун алган Ош шаарынын кыймыл таяныч тутумундагы майыптыгы бар балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборунда болушту.

Аталган борбордо Мамасейитов дарыланып жаткан өспүрүмдөрдүн ден соолугунан кабар алып, материалдык жардам көрсөтүп, белектерди жана таттууларды тапшырды.

Мындан сырткары, жаш өспүрүмдөргө театрлаштырылган музыкалык оюн зоок уюштурулуп, өспүрүмдөрдүн маанайын көтөрүштү. Ал эми келген коноктор өспүрүмдөрдүн көрсөткөн таланттарына күбө болушту.

Борбордун тарбиячылары менен биргеликте өспүрүмдөрдүн жашоо шарты менен таанышып, айрым кемчиликтерге жакындан жардам көрсөтө тургандыгын айтты.

Жалпысынан аталган борбордо Ош шаары жана өлкөбүздүн түштүк облустарынан (Ош, Баткен, Жалал Абад) келген тубаса майып жана майыптыгы бар балдарга жана өспүрүмдөргө комплекстүү реабилитациялоо көрсөтүлөт. Борбор 7 айдан 16 жашка чейинки нерв системасынан жана кыймыл-таяныч тутумундагы майыптыгы бар балдар жана өспүрүмдөр үчүн медико-социалдык, педагогико-психологиялык реабилитациялоо кызматтары жүргүзүлүп, реабилитациялык курс 35 күнгө чейин созулат. Борбор 70 орунга ылайыкталган.

Пикир

Оставить комментарий