• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Майлуу-Сууда “Укук жана тартип” рейди жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 27.08.21. /Кабар/. 26-августта Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан “Укук жана тартип” рейди өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шаар аймагында укук бузуучулуктун алдын алуу максатында өткөрүлгөн рейд учурунда 100 кожолук текшерилип, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 7 протокол түзүлдү.

"Түнкү убакыттарда чоңдордун көзөмөлүсүз жүргөн жаш өспүрүмдөрдүн ата-энелери чакыртылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, үйлөрүнө жөнөтүлдү. Ошондой эле милицияда профилактикалык каттоодо турган жарандар текшерилип, мыйзамдуулукту сактоосу боюнча эскертүүлөр берилди", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий