• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ысык-Көл облусунда жыл башынан тарта 29 мал уурулук фактысы катталган

Аймак 0


Бишкек, 24.02.22. /Кабар/. Жыл башынан тарта Ысык-Көл облусунун аймагында мал уурулуктун 29 учуру катталган, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 22 учурга аз катталды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алдын алуу иш-чараларынын жүргүзүлүшүнө байланыштуу үстүбүздөгү жылы мал уурулуктун саны облуста кескин түрдө кыскарууда.

“Милиция кызматкерлери тарабынан көрүлгөн иш-аракетинин натыйжасында мал уурулуктун 13 учурунун бети ачылган жана мал уурулук менен алектенген 4 кылмыш тобунун мыйзамсыз аракетине чекит коюлган”, -деп айтылат билдирүүдө.

“Уурдалган малды облустун аймагынан чыгарып кетүүгө бөгөт коюу үчүн милициянын 5 посту коюлуп, анда тийиштүү уруксат кагаздары жок малдарды жана эт продукциясын ташыган унаалар аныкталууда.

Ал эми облустун мал базарларында милиция кызматкерлери ветеринардык кызматынын өкүлдөрү менен бирдикте ветеринардык талаптар, индентификациянын ирети жана малды ташуу эрежелери эмне үчүн керек экендиги боюнча мал ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле аймакта стихиялуу мал менен соода кылынуучу жайлар жоюлуда”, - деп кошумчалашты милициядан.

Пикир

Оставить комментарий