• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарын: Он-Арча – 1 насостук станциясына жаңы агрегат алынды

Аймак 0

Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. Жакында Нарын районундагы Он-Арча – 1 насостук станциясына 7,5 миллион сомго жаңы агрегат алынып, ишке кирди. Бул тууралуу КР президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, быйыл ирригация тармагында мындай саамалыктар арбын.

"Себеби мамлекет тарабынан бул тармакка жакшы көңүл бурулуп, 1 миллиард сом каралса, анын 104 миллион 62 миң сому Нарын облусуна бөлүнгөн. Ал эми Нарын районуна 21 миллион 182 миң сом каралып, 12 миллион сому келип түшкөн", - деп айтылат маалыматта.

Ыйгарым укуктуу өкүл Сабыркул Ашимбаев Он-Арча – 1 насостук станциясынын иш ыргагын көрдү. Эмгек жамаат менен баарлашып, күзүндө буюрса айлык маяналары көтөрүлөөрүн, ага чейин сабыр кылып, элди сугат суу менен камсыздоодо жакшылап иштеп берүүлөрүн өтүндү.

Насостук станцияга облус жана район жетекчилеринин катышуусунда карагайдын көчөттөрү отургузулду.

Пикир

Оставить комментарий