• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Ала-Букада «Коопсуздук–2022» машыгуусу жыйынтыкталды

Аймак 0

Бишкек, 26.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 26-майда Ала-Букада өткөрүлүп жаткан «Коопсуздук–2022» биргелешкен штабдык жана мобилизациялык машыгуусу жыйынтыкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, машыгууга Ала-Бука РИИБдин жана ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын өздүк курамдары, күч түзүмдөрү жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

25-майда Ала-Бука районунун борбордук аянтында машыгууга тартылган кызматкерлерди бөлүштүрүү орун алып, күч каражаттары, атайын техникалар саптык кароодон өткөрүлдү. Ошол эле түнү машыгуунун алкагында бир катар объектилерге ар кандай багытта чабуулдар уюштурулуп, милиция кызматкерлери өз милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарышты. Ак-Там блокпостунан автоунаа менен жашыруун алынып бара жаткан курал-жарак жана ок-дарылар табылып алынды.

Бүгүн, 26-майда куралдуу кылмышкерлер бастырып кирген учурда жана курал-жарак, ок-дарыларды ташып бараткан кылмыштуу топ аныкталган учурда спецназдын жана тергөө-ыкчам топторунун реакциялары көрсөтүлдү.

Машыгуунун жыйынтыктоочу бөлүгүнө президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев катышып, активдүү катышуучулар бир катар сыйлыктарга татыктуу болушту.

Ала-Бука РИИБдин начальниги Азенбек Козукеев КР Коргоо министрлигинин «Аскер кызматташтыгын бекемдегени үчүн» медалы менен сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий