• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көл областтык сотунда жергиликтүү соттордун катышуусу менен кеңешме өттү

Аймак 0

Бишкек, 22-февраль /Кабар/. 2017-жылдын 18-февралында Ысык-Көл областтык сотунда жергиликтүү соттордун катышуусу менен кеңешме өттү. Бул тууралуу Ысык-Көл областтык сотунун басма-сөз кызматы билдирди.

Кеңешмеге Ысык-Көл областтык сотунун төрагасы Айбек Молдакунов, анын орун басарлары Гүлкайыр Алиева, Азизбек Досмамбетов, Ысык-Көл областтык сотунун судьялары, шаардык, райондук, райондор аралык соттордун төрагалары жана судьялары катышышты.

Ысык-Көл областтык сотунун төрагасы А. Молдакунов кеӊешмени ачып, күн тартибинде каралчу маселелер менен тааныштырды.

Кийинки сөз Ысык-Көл областтык сотунун төрагасынын орун басары Г. Алиевага берилди. Ал өзүнүн сөзүндө жарандык иштерди кароо мөөнөтү, доо мөөнөтүнүн эскиришин калыбына келтирүү, сот актыларын туура чыгаруу, мамлекеттик алымды бөлүштүрүү, алиментти, карызды өндүрүү жөнүндө иштерди кылдат кароо ж.б. маанилүү маселерге токтолду.

Андан соң, Ысык-Көл областтык сотунун төрагасынын орун басары А. Досмамбетов судьялар менен административдик жана экономикалык иштерди кароодогу өзгөчөлүктөрдү жана иштерди кароодо коллизиялык ченемдерди колдонууну талкуулады.

Кийинки кезекте Ысык-Көл областтык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын судьясы А. Омуралиева кеңешменин катышуучуларына кандай учурларда мунапыс жөнүндө мыйзам колдонулбай турганын, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 56 (Мыйзамда каралгандан жеңилирээк жаза белгилөө) жана 65 (Кырдаалдын өзгөрүшүнөн же адамдын коомдук коркунучтуулугунун жоюлушунан улам кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуу) беренелери менен кантип колдонуу керектигин, үй камагы же камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чараларынын мөөнөтүн узартуудагы процесстик мөөнөттөр, жазык иштин алкагында жарандык доо арызды кароо өзгөчөлүктөрү, даттануу жана сунуштарды берүү үчүн процесстик мөөнөттү калыбына келтирүү, жеке кароону мыйзамдуу жана негиздүү жүргүзүү маселеси жөнүндө айтып берди.

Кеңешменин соңунда Ысык-Көл областтык сотунун төрагасы А. Молдакунов судьяларды эмгек тартибин сактоого, жалпы жамааттын ынтымагын бекемдөөгө чакырып, ЖОЖдун студенттери жана орто мектептердин бүтүрүүчүлөрү менен жолугушууларды уюштуруп, резонанстуу иштер жөнүндө маалыматтарды өз убагында берип турууну белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий