• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Слепнев: ЕАЭБде онлайн соода жакында Европа өлкөлөрүнүн деңгээлине жакындайт

ЕАЭБ 0

Бишкек, 26.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 26-майда Бишкекте Евразиялык экономикалык форум өтүүдө.

Форумдун жүрүшүндө бир катар өлкөлөрдүн эксперттери көптөгөн актуалдуу маселелерди талкуулашууда. Иш-чара алты талкуу аянтчасына бөлүнүп, анын жүрүшүндө 20га жакын сессия өтүүдө. Тараптар экономика, санариптештирүү, логистика маселелерин козгоп, ошондой эле учурдагы геосаясий кырдаалдан чыгуунун жолдорун карашууда.

Евразия экономикалык комиссиянын соода боюнча коллегиянын мүчөсү Андрей Степневдин айтымында, ЕАЭБде онлайн соода жакында Европа өлкөлөрүнүн деңгээлине жакындайт.

“Бүгүн биз электрондук соода үчүн жаңы чакырыкты көрүп жатабыз. Бул логистикадагы, эсеп-кысап жагынан көйгөйлөргө байланыштуу. Биз жүк үчүн 1 миң еврого чейин убактылуу бажы төлөмсүз чечим кабыл алдык. Бул абалды жарым-жартылай жеңилдетет, бирок бул көрүнүштү түп-тамырынан бери өзгөртөт деп ойлобойм. Биз абалды оңдоого аракет кылып жатабыз. Тышкы трафиктин төрт эсе төмөндөшүнүн фонунда биз онлайн сооданын олуттуу өсүшүн көрүп жатабыз”, - деди Слепнев.

Пикир

Оставить комментарий