• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын төрагалыгы астында ЕЭК биринчи кеңешмеси өттү

ЕАЭБ 0

Бишкек, 22.01.22. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин төрагалыгы астында ЕЭК Кеңешинин жыйыны видеоконференция режиминде өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, бул жолугушуу Кыргыз Республикасы Евразиялык экономикалык биримдик органдарында төрагалык кылууну кабыл алгандан кийинки алгачкы жыйын болуп саналат.

Жыйындын катышуучулары Казакстан Республикасындагы кайгылуу январь окуясында каза болгон жарандарды жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин бир мүнөт унчукпай туруу менен эскеришти.

ЕЭК Кеңешинин төрагасы Казакстан Республикасынын атынан ЕЭК Кеңешинин жаңы мүчөлүгүнө сунушталган – Казакстан Республикасынын премьер-министринин орун басары, соода жана интеграция министри Султанов Бахыт Турлыхановичти жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктады жана ага чың ден соолук жана ишиндеги ийгиликтерди каалады.

Андан соң ЕЭК Кеңешинин төрагасы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин төрагасы – президент Садыр Жапаровдун ЕАЭБге мүчө-мамлекет башчыларына кайрылуусунда айтылган республиканын төрагалык кылуу жылындагы негизги багыттарын жана демилгелерин белгиледи.

Буга байланыштуу ал мамлекет башчынын сунуштарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу өтүнүчү менен Коллегиянын төрагасы Михаил Мясниковичке кайрылды.

Кеңештин отурумунда 30 маселе каралды.

ЕЭК Кеңеши Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кароосуна Евразия экономикалык бирлик аймагында ташууларга көз салуу үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу жөнүндө маселени киргизүү чечимин кабыл алды. Макулдашууну колдонуу Биримдиктин ички чек араларында көзөмөл чараларын минималдаштырууга жана Бирликке мүчө мамлекеттердин транзиттик жагымдуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Биримдиктин интеграцияланган маалыматтык системасын пайдалануу аркылуу уруксат берүү чөйрөсүндөгү улуттук маалыматтык системаларды интеграциялоо боюнча иш-чаралардын планы («жол картасы») бекитилди.

Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагына ташылып келинген товарларга байкоо жүргүзүү механизмин киргизүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууну баштоо жөнүндө чечим кабыл алынды.

Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташылып келинген жана байкоо жүргүзүүгө тийиш болгон товарлар жөнүндө маалыматтарды улуттук байкоо тутумдарына киргизүү жана сактоо Тартиби бекитилди.

ЕЭК Кеңешинин чечими менен Евразиялык экономикалык форум жөнүндө жобого өзгөртүүлөр киргизилди.

Евразия экономикалык бирлигинин Бажы чек арасында жана Бажы аймагындагы карантиндик продукцияга жана карантиндик объекттерге карата бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптардын 8-таблицасына өзгөртүү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Мындан тышкары, ЕАЭБдин бажы чек арасында жана биримдиктин бажы аймагында ветеринардык көзөмөлдү жүргүзүүнүн бирдиктүү тартиби жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу чечим кабыл алынды.

Стандартташтыруу жана метрология жаатындагы илимий-изилдөө иштеринин актуалдуу багыттарынын тизмеси бекитилди.

Бажы биримдигинин комиссиясынын 2009-жылдын 27-ноябрындагы №130 Титан оксидине тийиштүү чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынган.

ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрүнө Россия Федерациясынын Владивосток шаарындагы эркин порттун аймагында алмаз борборун түзүү тажрыйбасына талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары жөнүндө баяндама сунушталды.

ЕЭК Кеңеши ЕАЭБдин бажы аймагында ветеринардык дары-дармек каражаттарын жүгүртүүнү жөнгө салуу эрежелерин, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын Этика кодексин бекитти.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынына карата Бишкекте Евразиялык экономикалык форумду өткөрүү демилгесин көтөрдү.

Кеңештин отурумунда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке Казакстан Республикасынын атынан мүчө катары – Казакстан Республикасынын премьер-министринин орун басары, соода жана интеграция министри Бахыт Султановдун талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө чечимдин долбоору жактырылды.

Пикир

Оставить комментарий