• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кубанычбек Идинов: Эгемендик тарыхыбызда биринчи жолу чоң форум өткөнү турат

ЕАЭБ 0


Бишкек. 25.05.22. /Кабар/. Бишкекте 26-майда Евразиялык экономикалык форуму өтөт. КУУнун экономика факультетинин профессору Кубанычбек Идинов аталган форумдун маанилүүлүгүнө токтолуп, масштабдуу иш-чарадан күтүүлөр көп экендигин айтты.

"Биздин эгемендик тарыхтагы эң биринчи чоң форум болгону турат. Күтүүлөр көп. 15 мамлекеттен катышуучулар келет. Чоң инвесторлор, ири ишкерлер, саясатчылар да бар. Биздин мамлекет даярдап койгон программа бар, анын алкагында келишимдерди түзгөнгө шарт түзүлүүдө. Баары ойдогудай ишке ашса, анда Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн келечекке чоң жол ачылат. Биринчиден экономикалык жактан, экинчиден инвестиция алып келүүдө, үчүнчүсү инновациялык экономиканы өнүктүрүү жагынан", - деген пикирин билдирди Идинов.

Белгилей кетсек, эртең, 26-майда Бишкек шаарында Евразиялык экономикалык форум өтөт.

Форумдун башкы темасы – “Дүйнөлүк өзгөрүүлөрдүн доорундагы евразиялык экономикалык интеграция. Инвестициялык активдүүлүктүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү. Өзгөрүүлөр жана глобалдык толкундоо доорунда евразиялык интеграция экономикалык өсүш жана өнүгүү үчүн ийгиликтүү пайдубал түзөт. Белгиленген экономикалык форум муну дагы бир жолу көрсөтүшү керек.

Пикир

Оставить комментарий