• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көл облусунда көлдү браконьерлердин торлорунан тазалоо иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 14.02.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда көлдү браконьерлердин торлорунан тазалоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери Ысык Көл мамлекеттик жаратылыш корукчулары менен биргеликте Ысык-Көлдүн булуңдарын браконьерлердин торлорунан тазалоо иштерин улантууда.

“Дем алыш күндөрү Тоң районунун Оттук, Кара-Талаа жана Кара-Шаар айылдарынын булуңдарын тазалоо иштери жүргүзүлүп, 40 даана балык тору чыгарылды. Алынган браконьерлик шаймандар белгиленген тартипте жок кылынды”, - деп айтылат маалыматта.

Тазалоо иштери улантылмакчы.

Пикир

Оставить комментарий