• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Кара-Балтада “Азия сталь” арматура өндүрүшү ишке берилди

Экономика 0

Бишкек, 14.02.22. /Кабар/. Кара-Балтада “Азия сталь” арматура өндүрүлө баштады. Бул тууралуу шардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, келечекте ишкана өлкөнүн бардык курулушун ата мекендик сапаттуу арматура менен камсыздоону пландоодо.

Жылына болжол менен 150 миң тонна арматура чыгаруу пландалууда.

Ишканада 130 жумуш орду түзүлдү, бул акырындык менен 200гө чейин көбөйтүлөт.

Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду жана ички инвестиция тарабынан 8 миллион долларына жакын инвестиция салынган.

Пикир

Оставить комментарий