• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Темиркулов: Антикризистик пландын аркасында Кыргызстан дүйнөлүк кризиске туруштук бере алды

Экономика 0

Бишкек, 14.07.22. /Кабар/. Министрлер кабинети тарабынан тез арада кабыл алынган антикризистик пландын аркасында Кыргызстан дүйнөлүк кризиске туруштук бере алды. Бул тууралуу “Ала-Тоо 24” телеканалынын түз эфиринде президенттик администрациянын мониторинг жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башчысы, саясат таануучу Азамат Темиркулов билдирди.

Анын айтымында, инфляциянын кескин өсүшү, дүйнөлүк кризистин фонунда жарандардын жана ЖМКнын тынчсыздануусу ачык эле көрүнүш болгону менен сандар башканы көрсөтүп жатат.

“Россия менен Казакстандын ИДПсынын көрсөткүчү түшүп жатканда Кыргызстандыкы тескерисинче көтөрүлүп жатканына көбү түшүнбөй жатат. Мындай сандар кайдан чыгат? Биринчиден, бул өнөр жайдын өнүгүшү. Кыргызстан агрардык өлкө болгону менен бизде бул тармакта өсүш эки пайызды гана түзөт. Ал эми өнөр жайынын өсүшү 14,6 пайызды түзөт. Албетте, бул маалыматтардын 70 пайызы “Кумтөрдүн” көрсөткүчтөрү. Бирок ошентсе да өнөр жай тармагынын туруктуу өсүшү сезилерлик натыйжаларды берди. Көптөгөн кайра иштетүү ишканалар ачылды. Алсак, Терек-Сай кени жана башкалар. Алардын баары иштеп, пайда алып келүүдө”, - деди ал.

Темиркулов инфляция боюнча айтып жатып, бул дүйнөлүк процесс экенин белгиледи.

“Бүгүнкү инфляциянын өсүшү бизге сырттан таңууланып жатат. Азыр бул бүткүл дүйнөлүк процесс. Бизде инфляциянын көрсөткүчү 9%. Ага карабастан, калктын жашоосуна көңүл бурсаңыз, бүгүнкү күндө бензиндин баасына карабай “Лексус” элдик унаага айланды. Ошол эле учурда бизде 219 миңден ашык адам жакырчылыктын чегинде жашайт. Биз бул айырмачылыкты оңдошубуз керек. Азыр абалды оңдоонун эффективдүү рычагдарынын бири – ККМди киргизүү. Көптөн бери айрымдары салыктан качып байыса, башкалары бутуна тура албай жүрүштү. Ар бир адам мыйзам чегинде салык төлөшү керек. Ошондо биз айлык акыны жогорулатып, элдин турмушун жакшыртуу менен кырдаалды жөнгө сала алабыз”, - деп баса белгиледи ал.

Ал ошондой эле көптөгөн эл аралык уюмдардын жана рейтингдик агенттиктердин божомолуна ылайык, Кыргызстанда терс экономикалык көрсөткүчтөр күтүлүп жатканын кошумчалады.

“ИДП беш же эки пайыз деңгээлинде болот деп айткан. Бирок, өз убагында кабыл алынган антикризистик пландын аркасында биз олуттуу соккулардан сактандык. Өз кезегинде антикризистик план натыйжалуу даярдалган. Аны иштеп чыгууга көрүнүктүү эксперттер, адистер жана башкалар катышты. Бардык пикирлер жана сунуштар эске алынган. Учурда ар бир ведомство өз ишин так аткарып жатат”, - деп жыйынтыктады сөзүн саясат таануучу.

Пикир

Оставить комментарий