• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чүйдө унаалардан баалуу буюмдарды уурдап жүргөн делген жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.07.22. /Кабар/. Чүйдө унаалардан баалуу буюмдарды уурдап жүргөн делген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 25-июнда Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө О.С. аттуу жаран белгисиз адам унаасынын айнегин сындырып, 18 миң сом акча каражатын жана алтын буюмдарын уурдап кеткенин айтып, кайрылган.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (“Уурдоо”) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары 33 жаштагы А.А. аттуу жаран кармалган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кармалган жаран Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунда ушул сыяктуу дагы үч фактыга тиешеси бар экени аныкталды.

Учурда шектүү Аламүдүн райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий