• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын делегациясы ата мекендик продукция саткан Сеулдагы соода үйүндө болду

Коом 0

Бишкек, 14.07.22./Кабар/. Президенттин администрациянын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги Алмаз Исанов башында турган делегация бүгүн, 14-июлда, Сеул шаарында (Корея Республикасы) жайгашкан Кыргыз Республикасынын Соода үйүндө болду.

Кыргыз делегациясы Соода үйүндө коюлган жана Кореяда сатылып жаткан ата мекендик продукциялар менен таанышты.

2022-жылдын 24-июнунда ачылышы болгон Соода үйү кореялык ишкерлерге жана жергиликтүү калкка ата мекендик өндүрүш товарларын изилдеп, сынап көрүү мүмкүнчүлүгүн берет.

Бул жерде Кыргызстандан келген кийизден жасалган буюмдар, табигый бал, варенье жана ар кандай органикалык продукциялар көргөзмөгө коюлган. Соода үйү Кыргызстандын Кореядагы элчилигинин демилгеси менен эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын активдештирүү максатында түзүлгөн. Кореялык ишкерлердин Кыргызстанда өндүрүлгөн органикалык продукцияларга кызыгуусу белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий