• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектин вице-мэри Умуралиев атындагы шаардык драма театрдын ишин текшерди

Коом 0

Бишкек, 02.02.22. /Кабар/. Борбор калаанын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева Умуралиев атындагы шаардык драма театрдын ишин текшерди.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, театрдын директору маданият мекемесинин иши жана быйылкы пландары тууралуу айтып берди.

Вице-мэр муниципалитет борбор калаанын маданий мекемелерине өзгөчө көңүл бурарын белгиледи.

Бишкек шаардык театры 1991-жылы КР Эл артисти Арсен Умуралиев жана театр таануучу Цыцыгма Умуралиева тарабынан мамлекеттик театрлардын академиялык формаларына альтернатива катары негизделген.

Пикир

Оставить комментарий