• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Быйыл 11 айда Нарын облусунда 103 өрт кырсыгы катталды

Коом 0

Бишкек, 19.12.19. /Кабар/. 2019-жылдын 11 айында Нарын облусу боюнча 103 өрт кырсыгы катталып, өткөн жылга салыштырмалуу өрт 26,4% азайган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, 2018-жылы 140 өрт кырсыгы катталган.

Быйыл болгон өрт кырсыктарынан улам 6 млн сомдук материалдык чыгым келтирилип (2018-жылы 6 млн сомдон ашык), өрттөн 6 адам жабыркаган (2018-жылы 4 адам).

"Өрттөрдүн негизги себептери: отко этиятсыз мамиле кылуу – 10,7%; электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздык – 4,9%; меш жана морлорду этиятсыз колдонуу – 7,8%, балдардын от менен ойноосу – 6,8%", – деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий