• 88.68
  • 95
  • 0.95

Тышкы карызды "жашыл" демилгелерге алмаштыруу. Татиков БИОФИН долбоорунун миссиясы менен жолукту

Экономика 0

Бишкек, 26.04.23. /Кабар/. Финансы министринин орун басары Руслан Татиков КРда жаратылышты коргоо боюнча Трасттык фондду түзүү боюнча БУУ өнүктүрүү программасынын БИОФИН долбоорунун миссиясы менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, Кыргызстандын тышкы карызын" жашыл" демилгелерге алмаштыруу жолугушуунун негизги темаларынын бири болгон. Ошондой эле тараптар түзүлүп жаткан Трасттык фонддун алдын ала концепциясы менен таанышып чыгышты.

Отурумдун жыйынтыгында Руслан Татиков БУУнун өнүктүрүү программасы эксперттерине Кыргызстан боюнча фонддун уюштуруу структурасынын жана башкаруунун долбоорун даярдоону сунуштады.

Трасттык фондду түзүү идеясы демөөрчүлөрдүн, климаттык фонддордун жана донорлордун каражаттарын, анын ичинде КРнын мамлекеттик тышкы карызын алмашуу боюнча каражаттарды экологиялык долбоорлорго багыттоо болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий