• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кокон шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын студенттери арасында спартакиада өтүүдө

Спорт 0

Бишкек, 26.04.23. /Кабар/. Өзбекстандын Кокон шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын студенттери арасында спартакиада старт алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Студенттер аралык спартакиадасы быйыл биринчи жолу өткөрүлүп, программага спорттун сегиз түрү боюнча мелдештер киргизилген: кичи футбол, волейбол, стритбол, гиря көтөрүү, бел боо күрөшү (алыш), стол тенниси, бадминтон жана шахмат.

Иш-чаранын максаты – Кыргызстан менен Өзбекстандын жаштарынын ортосундагы достук байланышты чыңдоо, жаштар арасында дене тарбия-спорттук кыймылды өнүктүрүү, өспүрүмдөрдүн жана жаштардын дене тарбиясынын натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Белгилей кетсек, спартакиада Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга 26-27-январь күндөрү болгон мамлекеттик иш-сапарынында белгиленген. Анын жүрүшүндө эки өлкөнүн лидерлери стратегиялык өнөктөштүк, ошондой эле достук, бир туугандык жана жакшы коңшулук маанайдагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүү боюнча бир катар документтерге кол коюшкан.

Пикир

Оставить комментарий