• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Анталияга караганда Ысык-Көл, 12 жашымда футбол ойноп баштагам – футболчу Виталий Люкс

Спорт 0


Бишкек, 16.01.20. /Кабар/. Футбол боюнча Кыргызстандын курамасынын оюнчусу Виталий Люкс Футбол федерациясы тарабынан даярдалган 60 секунддан турган сурамжылоого катышты. Анын видеосу соцтармакка жарыяланды.

Сурамжылоодо футболчу тамактануу жайына караганда үй тамагын тандарын, итине "Том" деген атты коерун, учурда Мальдив аралдарында болууну кааларын, мектепте дене тарбия сабагы жакканын, 12 жашында футбол ойноп баштаганын, улуттук курамда Эдгар Бернхард менен жакшы мамиледе экенин, Анталияга караганда Ысык-Көлдү тандарын айтып берди.

Эскерте кетсек, Люкс бир жыл мурун футбол боюнча Азия кубогунун тайпалык оюнунда Филиппиндин командасына 3 гол (хет-трик) киргизген. Буга чейин Кыргызстандын футбол тарыхында улуттук кураманын пайдасына хет-трик жасаган футболчу болгон эмес.

Пикир

Оставить комментарий