• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандык боксчулар жаштар арасындагы Азия чемпионатында 13 медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 15.03.22. /Кабар/. Кыргызстандык боксчулар жаштар жана юниорлор арасындагы Азия чемпионатында 13 медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинен билдиришти.

Мелдеш 27-февралдан 15-мартка чейин Иорданияда өттү.

Кыргызстандын юниорлор курамасы 6 коло жана бир күмүш, жаштар курамасы бир алтын, эки күмүш жана үч коло медаль багындырышты.

Юниорлор арасында:

Күмүш медаль:

- Эмир Кылычбеков (50 кг),

Коло медаль:

- Зафарбек Камилов (46 кг),

- Темирхан Данияров (48 кг),

- Рамзан Кадыров (63 кг),

- Мухаммадазиз Закиров (75 кг),

- Азим Чойбеков (80 кг),

- Назбийке Абаева (52 кг).

Жаштар арасында:

Алтын медаль:

- Алмаз Орозбеков (60 кг).

Күмүш медаль:

- Бекзат Эргешов (48 кг),

- Акжол Асылбек уулу (57 кг).

Коло медаль:

- Санжар Тенизбеков (86 кг),

- Арген Бактыбеков (92 кг),

- Жодар Сапарбеков (92 кг).

Пикир

Оставить комментарий