• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек мэри Беларустун Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 15.03.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Беларустун Кыргызстандагы элчиси Андрей Страчко менен жолугушту. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө коомдук транспортту (экологиялык таза күйүүчү май менен жүрүүчү чоң автобустарды алуу) жана коммуналдык кызматтарды (кар тазалоочу, таштанды ташуучу унаалар) өнүктүрүү жаатында кызматташуу маселелери талкууланды.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүү жана чыңдоо эки тарап үчүн маанилүү экенин белгилешип, мындан ары да өз ара пайдалуу кызматташууга ишеним билдиришти.

Белгилей кетсек, Беларустун жаңы МАЗ-206946 автобусу №7 автобустук каттамда тесттик режимде жүрөт.

Эске сала кетсек, 2008-жылдын 11-октябрында Бишкек менен Минск шаарларынын ортосундагы бир тууган шаар мамилелери боюнча меморандумга кол коюлган.

Пикир

Оставить комментарий